Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Ирандын оюнчуларына гимнди ырдабаган үчүн коркутуулар болгону айтылды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 29 Ноя 2022 | 325 | 0

Ирандык оюнчулар Англия курама командасы менен оюндун алдында улуттук гимнди ырдоодон баш тартканы үчүн кысымга алынган.

CNN телеканалынын өз маалымат булактарына таянуу менен билдиргенине караганда, 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 1-турунун Англияга каршы оюнунун алдында гимнди аткаруудан баш тарткандан кийин. Ирандын улуттук курама командасынын оюнчулары Ислам революциясынын сакчылары менен жолугушууга чакырылган.

Маалыматка ылайык, эгер оюнчулар Уэльс менен беттештин алдында улуттук гимнди ырдабаса же өкмөткө каршы башка саясий акцияларга кошулса алардын үй-бүлөлөрү зордук зомбулукка дуушар болору айтылган.

Белгилүү болгондой, Уэльс менен беттештин алдында (2:0) Иран курама командасынын оюнчулары гимнин ырдашты.

Мындан тышкары,  Англия менен оюндун алдында футболчуларга белектер жана унаалар убада кылынган, бирок команда гимнди аткаруудан баш тарткандан кийин бийлик алардын үй-бүлөлөрүн коркутууга өткөн.

Белгилей кетсек, бүгүн Иран курама командасы АКШ менен беттешет

Катар-2022: Бүгүн Иран менен АКШ 1/8 финалга жолдомо үчүн ат салышат. Оюндардын графиги 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM