Биз менен байланышыңыз

30-ноябрда жаан, кар жаашы мүмкүн

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 253 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 30-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Бишкекте 30-ноябрга караган түнү кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +4…+6 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM