Биз менен байланышыңыз

«КМШ өлкөлөрүнүн арасында мөңгүлөрдү изилдөө боюнча Кыргызстан алдыда турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2022 | 861 | 0

2022-жылы Тоолордун экосистемасын өнүктүрүү жана турукташтыруу жылы деп жарыяланган. Мунун алкагында өлкөдө бир канча иштер жана пландар аткарыла тургандыгы айтылган. Мына ошонун алкагында эртең Кыргызстанда атайын “Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшүнөн мөңгүлөргө таасири” деген темада иш-чара өткөнү турат. Бул тууралуу «Маралдын» эфиринде география илимдеринин кандидаты Рыскул Усубалиев айтты.

“Азыркы убакта климаттын жылуулануу процесси жылдан-жылга күчөп бара жатат. Муну көп окумуштуулар антропогенездик факторго байланыштырып жүрөт. Себеби аба катмарына акыркы убактарда ар кандай өнөр жайлардан, жер шарындагы калктын өсүшүнө байланыштуу аба булгануусу аябай өсүп кетти. Ошондуктан жердин температурасы бүт жерде жылууланып, таасири мөңгүлөрдүн ээрип кетишине шар түзүп жатат. Мунун тийгизген таасири ар бир региондо ар кандай болуп жатат. Мисалга алсак, Антарктидада Батыш бөлүгүндө көбүрөөк, Чыгыш бөлүгүндө азыраак болуп жатат. Ошол эле процесс Борбор Азиядагы региондордо байкалып жатат. Бизде белгилүү болгондой эки тоо системасы бар, Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системалары. Бул экөө эң негизги суу ресурстарын берүүчү тоолорубуз болуп эсептелет”-дейт география илимдеринин кандидаты Рыскул Усубалиев.

Анын айтымында КМШ өлкөлөрүнүн арасында мөңгүлөрдү изилдөө боюнча Кыргызстан алдыда турат. Бирок бул көйгөй Борбор Азияга бирдей таасир тийгизгени үчүн, биргеликте иш алып барса натыйжалуу болорун кошумчалады.

Даярдаган Айдай Бакытбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM