Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Испаниялыктар Коста-Риканы 7:0 эсебинде утуп алды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 24 Ноя 2022 | 432 | 0

Испания курама командасы Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын ачылышында Коста-Рика курама командасын жеңип алды.

Е тайпасынын беттешүүсү Дохадагы «Эль Тумама» стадионунда өтүп, испаниялыктардын 7:0 эсебинде жеңиши менен аяктады.

Эсепти 11-мүнөттө жарым коргоочу Дани Олмо ачты.

Андан соң, жарым коргоочулар Марко Асенсио жана Ферран Торрес гол киргизишти.

74-мүнөттө жарым коргоочу Гави гол киргизип, Испания курама командасынын тарыхында дүйнө чемпионатында гол киргизген, эң жаш оюнчу болуп калды.

Жарым коргоочу Карлос Солер дагы бир голду 90-мүнөттө киргизсе, кошумча берилген  экинчи мүнөттө чабуулчу Альваро Мората жыйынтыктоочу эсепти койду.

Белгилей кетсек, Испания курамасы 2010-жылы дүйнө чемпиону болгон.

 

Катар-2022: Германия курама командасы Японияга утулуп калды 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM