Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Германия курама командасы Японияга утулуп калды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 24 Ноя 2022 | 339 | 0

Германия курама командасы Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын ачылышында Япония курамасына утулуп калды.

Беттеш Дохадагы «Халифа» стадионунда өтүп, 2:1 эсебинде япониялыктардын пайдасына аяктады.

Германиялыктардын жарым коргоочусу Илкай Гүндоган 33-мүнөттө пенальтиден гол киргизип эсеп сандарын ачты.

Япониялык жарым коргоочу Рицу Доан 75-мүнөттө эсепти теңесе 83-мүнөттө жарым коргоочу Такума Асано командасын алдыга чыгарды.

Германия 2014-жылы дүйнө чемпиону болгон.

Белгилей кетсек,  фаворит аталган Аргентина курама командасы Сауд Арабияга 2:1 эсебинде утулуп  сенсация жараткан.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM