Германия курама командасы Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын ачылышында Япония курамасына утулуп калды.
Беттеш Дохадагы «Халифа» стадионунда өтүп, 2:1 эсебинде япониялыктардын пайдасына аяктады.
Германиялыктардын жарым коргоочусу Илкай Гүндоган 33-мүнөттө пенальтиден гол киргизип эсеп сандарын ачты.
Япониялык жарым коргоочу Рицу Доан 75-мүнөттө эсепти теңесе 83-мүнөттө жарым коргоочу Такума Асано командасын алдыга чыгарды.
Германия 2014-жылы дүйнө чемпиону болгон.
Белгилей кетсек, фаворит аталган Аргентина курама командасы Сауд Арабияга 2:1 эсебинде утулуп сенсация жараткан.