Биз менен байланышыңыз

21-ноябрга карата валюта курсу тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 579 | 0

Бүгүн, 21-ноябрь саат 11:00гө карата Бишкекте АКШ долларынын сомго карата курсу 84 сомдун тегерегинде болууда. Күн ичинде дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллар 84 сом 44 тыйын болууда.

Өткөн жумада акча доллардын куну бираз көтөрүлгөнү байкалды. Улуттук банк интервенция жасап, валюта базарына 55, 2 млн доллар сатты.

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна алты жолу интервенция жасап, жалпы 272 млн доллар сатты. Анын ичинен 10-мартка карата 66 млн 650 миңи накталай, калганы накталай эмес түрдө сатылды.

Буга чейинки интервенция 10-мартта жүргүзүлгөн. Анда 19 млн 450 миң доллар сатылган.

Валюталык интервенция Улуттук банк тарабынан алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM