Connect with us

Акыл-эстин бузулушун дарылоонун жаңы ыкмасын талкуулаган конференция өттү

Кыска кабар | 18 Ноя 2022 | 665 | 0

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкекте акыл -эстин бузулушун дарылоонун жаңы ыкмасын талкуулаган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Бишкекте когнитивдик ооруларды жаңыча ыкма менен дарылоого багытталган эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Иш-чарага Орусия жана Казакстандан келген дарыгерлер катышты. Алар кыргызстандык кесиптештери менен өз тажрыйбалары тууралуу ой бөлүшүп, пикир алмашты.

Когнитивдик бузулуу бул – эс тутумдун, акыл-эстин бузулушу. Паркинсон, альцгеймер өңдүү акыл-эс менен байланышкан оорулар ушул тармакка кирет.  Дарыгерлердин айтымында Кыргызстанда бул ооруну дарылоодо дары берүү менен эле чектелет. Мындан улам дарылоодо жаңыча ыкма талап кылынат. Алар заманбап технологиялардын жардамы менен аталган ооруларды дарылоо зарылдыгын айтып, практикалык түрдө көрсөтүп беришти.

Бул конференцияны “Vedanta”клиникасы уюштурду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM