Биз менен байланышыңыз

Стамбулдагы жардырууга шектүү кармалганы кабарланды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2022 | 470 | 0

Түркиянын Стамбул шаарынын Бейоглу районундагы Истиклал көчөсүнө бомба таштоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлуга таянып, «Анадолу» маалымат агенттиги билдирди.

Түрк бийлиги кол салууну терракт катары баалап, ага Сириядагы террордук уюмдун катыштыгы болушу мүмкүн экенин көрсөткөн далилдер бар деп билдирди.

«Биздин баамыбызда буйрук Кобаниден болгон, жардырууну жасаган адам Афринден келген», — деди министр.

Жарылуудан кийин катыштыгы бар деген шек менен 21 адам кармалган. Акыркы маалыматтар боюнча жалпы 46 адам кармалды.

Истиклал көчөсүндө жекшемби күнү кечинде жарылуу болуп, 6 адам каза болду, 81 адам жараат алды. Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жабыркаган 81 адамдын 39у ооруканадан чыгарылганын билдирди.

Ооруканага жаткырылгандардын бешөө реанимацияда, экөөнүн абалы оор, деп кошумчалады министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM