Биз менен байланышыңыз

 Ашыкча салмактан жана кант диабетинен хирургиялык жол менен арылса болобу?

Блог , Мединфо | 14 Ноя 2022 | 273 | 0

Дүйнө жүзүндө ашыкча салмактан жабыркагандар көбөйүп барат. Кыргызстандагы калктын 56,2 %ы ашыкча салмактан, 23,1%ы тез толуп кетүүдөн жабыркайт. Республика боюнча толуктардын 44 пайызын аялдар түзөрү белгилүү болду. Ашыкча салмак бир канча ооруну да пайда кылат. Алардын бирине кант диабети кирет. Буга байланыштуу биз «Мединфо» программасында ашыкча салмактан арылуу, кант диабетин хирургиялык жол менен дарылоо боюнча И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын илимий-практикалык медициналык борборунун хирургу Рустам Кубатбековдон маалымат алдык.  

 — Ашыкча салмакты хирургия жолу менен кантип дарылайт?

— Ашыкча салмактан арылуу үчүн жасала турган операция бариатрия хирургиясы деп аталат. Бул операция ашыкча салмактан арылууда жана кант диабети менен күрөшүүдө эң натыйжалуу болуп саналат. Бариатрия — биздин өлкөбүзгө келгенине аз эле убакыт болгон жаңы лапроскопиялык ыкма. Мындай операцияда бейтап үчүн эң жакшы жери ичи кесилбейт. Болгону үч гана жеринен бир сантиметрден тешилип, камера аркылуу кирип, операция жасала берет. Бариатрианын негизги максаты: ашыкча  салмактан  арылуу үчүн ашказандын көлөмүн кичирейтүү.  Хирургиянын бул жолу менен бейтаптар операциядан кийин тез арада калыбына келишет. Анын жардамы аркасында адам салмагын тез убакытта жогото баштайт.

— Кант диабетин дарылоого кандай байланышы бар?

— Бариатрия хирургиясы кант диабетине да натыйжалуу болуп эсептелет. Бирок экинчи түрүнө гана жасалат. Ошол эле ашказан кичирейтилип жасалган операциядан кийин бейтаптын салмагы азайып, өз калыбына келе баштаганына байланыштуу оору да азайып (ремиссия), инсулин жетиштүү көлөмдө натыйжалуу колдонулат.  Жыйынтыгында, бейтап кант диабетинен алыстай баштайт.

— Операциядан кийин адам өзүн кандай алып жүрүшү керек? Диета талап кылынабы? 

— Операциядан кийин бейтаптын өмүр бою диета кармашына туура келет. Бирок оор диета эмес, болгону тамакты азыраак жеши керек. Кокус өлчөмүнөн ашыкча тамак-аш жеп алса, ашказан кайра чоюлуп, мурунку калыбына барып калышы толук ыктымал. Операциядан алты ай өткөндөн кийин кадимки спорт менен машыга берсе болот. Ошондой эле бейтаптардын чылым чегүү сыяктуу ден соолукка зыян алып келе турган терс адаттардан арылышы да жакшы жыйынтык берет.

— Бул операцияны кимдерге кылууга болбойт?

— Кант диабетинин биринчи түрүнө чалдыккандардан башкасынын баарына жасала берет. Андан тышкары салмагы бир аз ашыгыраактарга да сунушталбайт. Аларга спорт менен машыгуу боюнча кеңеш беребиз. Негизинен ыксыз семирип кетип, анын кесепетин тартып жаткандарга гана сунушталат.

Маектешкен: Жаркын Жаныбек кызы

«Мединфо» программасы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM