Биз менен байланышыңыз

Теңгиз Бөлтүрүктүн камактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 14 Ноя 2022 | 307 | 0

«Kумтөр Голд Компани» ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кармалган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып, камактагы мөөнөтү узартылды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Октябрь райондук сотунун чечими менен Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта калтырылды.

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылды

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген. Теңгиз Бөлтүрүк бул ишке байланыштуу 13-сентябрда кармалган.

2021-жылы май айында Кыргызстан «Кумтөргө» сырткы башкарууну киргизип, кенди өзүнө өткөрүп алуу аракеттерин баштаган. 29-июлда «Кумтөрдү» Кыргызстанга өткөрүп алуу процесси толук аяктаган.

Бийлик өкүлдөрү алтындын баары Кыргызстанда сатыла тургандыгын айтышкан. Бирок Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы тышкы соода боюнча берген маалыматтарында, 19 тоннага жакын алтын «белгисиз өлкөлөрдүн» бирине 1,1 миллиардга жакын долларга экспорттолгону белгиленген.

Бул маалымат тарагандан кийин коомчулукта «Кумтөр» маселеси кайрадан талкууга түшүп, көп өтпөй «Кумтөрдүн» жетекчиси, андан тышкары «Кыргызалтындын» жетекчиси жана орун басарлары кызматынан алынган.

Copyright © 2017 Maral FM