Connect with us

Самарканд саммитинде 8 документке кол коюлду (тизме)

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 452 | 0

Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында уюмга мүчө-мамлекеттер — Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түрк Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
— Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы;
— «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна» өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;
— «Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси» жөнүндө чечим;
— «Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы» жөнүндө чечим;
— «Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо» жөнүндө чечим;
Ошондой эле төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу жөнүндө;
— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу жөнүндө;

— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.

Белгилей кетсек, Самарканддагы саммит кечээ, 10-ноябрда өз ишин баштаган. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштап барган делегация катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM