Биз менен байланышыңыз

Шаардык сот журналист Болот Темировдун ишин 17-ноябрда карайт

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 239 | 0

Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнө карата ачылган иш 17-ноябрда Бишкек шаардык сотунда караларын билдирди.

27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган.

Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Төкмө акын Болот Назаровдун кармалышынын чоо-жайы

Жалпысынан Болот Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо», 378-берене «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», 379-берене «Документтерди жасалмалоо» боюнча иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM