Биз менен байланышыңыз

«Жапаров менен Ташиевдин гана айылдары өнүгүүдө». Султанбаев сынга жооп берди

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 148 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жүргүзүлүп жаткан аймактык реформанын алкагында курулган объектилер тууралуу маалымат берди.

«Айрымдар «бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө» деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү туура көрдүм» , — деди ал.

Султанбаевдин айтуусуна караганда, 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объектинин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 млрд 172,1 млн сомго бүткөрүлгөн, алар:

— 99 мектеп;

— 25 бала бакча;

— 16 саламаттык сактоо объектиси;

— 6 маданият тармагындагы объекти;

— 5 спорткомплекс;

— 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объектиси;

— 12 башка объектилер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту ж.б.).

Анын ичинде облустар боюнча:

Чүй облусунда — 22 объект,

Баткен облусунда — 46,

Жалал-Абад облусунда — 27,

Ысык-Көл облусунда — 18,

Нарын облусунда — 18,

Ош облусунда — 47,

Талас облусунда — 15 объект.

«Мындан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен (кайрымдуулук фонддордун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлдү» , -деп айтылат Султанбаевдин билдирүүсүндө.

Султанбаев: Аймактык реформа Түптөн башталат

Быйыл 30-сентябрда президенттин маалымат катчысы административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө даярдыктар башталганын жарыялаган. Адистер тобу алгач пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусун, анын ичинде Түп районун тандап алганын билдирген.

Бул реформанын алкагында Түп районундагы 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен 5 айыл аймагы түзүлөрү айтылган.

27-сентябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырып, жергиликтүү башкаруу системасына реформа керек экенин айткан. Ал азыркыдай башкаруу болуп турганда эч кандай өнүгүү болбой турганын билдирген.

Буга президенттин аппараты дароо жооп берип, аймактарды реформалоо боюнча долбоор жыл башынан бери иштелип жатканын жана бул көп убакытты талап кыларын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM