Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган жарандардын баш коргоо чарасы каралат.
Саат 9.00дө БШКнын мурдагы мүчөсү Гульнара Журабаева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдердин, саат 10.00дө жарандык активист Али Шабдандын, саат 10.30да жарандык активист Атай Бейшенбектин, саат 11.20 Таалай Мадеминовдун, саат 15.30да Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов, саат 16.00дө Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова менен саясатчы Кубанычбек Кадыров, саат 16.40та Нурлан Асанбеков жана саат 17.00дө саясатчы Перизат Сурановалардын соту болот.
24-25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, 20-декабрга чейин камакка алынган.
23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.
Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абадды коргоо комитетине байланыштуу камалган саясатчы Равшан Жээнбеков жана жарандык активист Эрлан Бекчоро уулун абактан бошотуу маселеси 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.