Япония өкмөтү Кыргызстанга 1 млн доллар өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, жардам кыргыз-тажик чек арасындагы каргашадан улам Кыргызстанга жардам берүү максатында берилүүдө.
«Бул жардам аркылуу Япония өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы (БУУ КЖКБ) менен биргеликте тамак-аш, баш калкалоочу жай, азык-түлүк эмес товарлар, коргоо жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт», — деп айтылат маалыматта.
Сентябрдагы Тажикстандын Кыргызстанга карата куралдуу агрессиясынан 661 үй-жай жабыркап, анын 423ү кайрадан курууга, 238и ондоп түзөөгө муткаж абалда.
Кол салуудан коргонууда кыргызстандык 63 жаран жан берип, анын 48и аскер кызматкери болгон.