Биз менен байланышыңыз

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынды

Кыска кабар | 1 Ноя 2022 | 509 | 0
Сүрөт социалдык тармактан алынды

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына камакка алынды.

Бул тууралуу анын жактоочусу Аскат Жакупбеков билдирди.

Бүгүн, 1-ноябрда журналист ИИМге суракка чакырылган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») менен айып коюлууда. Журналисттин баш коргоо чарасы эртең, 2-ноябрда каралат.

Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек.

Быйыл 18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишкен.

Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган.

Журналист Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды таратуу» деген берененин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM