Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова эки айга Биринчи тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.
Маалыматка ылайык, Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде айып тагылды.
27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармап кеткени кабарланган.
Ал Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккандардын бири.