Марал Радиосу

Орозайым Нарматова 2 айга камакка алынды

Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова эки айга Биринчи тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Маалыматка ылайык, Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде айып тагылды. 

27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармап кеткени кабарланган.

Ал Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккандардын бири.

 

Exit mobile version