Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жаңы салынган жолдун бийиктен көрүнүшү (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Окт 2022 | 4155 | 0

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушун бойлоп өткөн Жайыл баатыр көчөсү колдонууга берилди.

Аталган көчө Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн курулушу быйыл аяктады. Жаңы алты тилкелүү жол чыгыш-батыш багытындагы Орок айыл өкмөтү менен Бишкек шаарын байланыштырат.

Белгилей кетсек, жол айланма болуп Муромский, Б. Алыкулов көчөлөрүн, ЖЭБ-2 өтмөгүн бириктирет, бул борбор калаанын түштүк тарабында жайгашкан жолдордо тыгындарды азайтууга мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM