Биз менен байланышыңыз

Маммолог: Эмчек рагына эрте жашта кабылгандар көбөйдү

Ден соолук , Пикирлер | 28 Окт 2022 | 2164 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык Кыргызстанда аялдар арасында эмчек рагы онкологиялык оорулардын ичинен биринчи орунда турат. Башкача айтканда бир жылда өлкөдө алты жүзгө чукул аял эмчек рагына кабылат. Дарыгерлер бейтап убагында кайрылса эмчек рагын айыктырып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору дейт. Дартты алдын алуу үчүн эмнелерди билиш керек, белгилери кандай болот жана ага кандай фактырлар себеп болот?

Жогорудагы айтылган суроолорго “Марал” радиосунун “Мединфо” уктуруусунда онколог-маммолог Макиева Кыял жооп берди.

“Бардык онкологиялык оорулардын ичинен эң коркунучтуусу эмчектин залал шишик оорусу. Дүйнө жүзү боюнча ушул патология биринчи орунду ээлеп, анын ичинде Кыргызстанда дагы дал ушундай көрүнүш”.

Дарыгер белгилеп кеткендей  эмчекте шишик пайда болгондо эч кандай оорутпай, белгилери жок болгон үчүн көпчүлүк айымдар кеч байкап калышат. Диагностиканы чыгарып бергенден кийин да айрымдар өз алдынча элдик медициналык тажрыйбаларды кылып көрүп, эч кандай пайда чыкпаган соң, биринчи стадиядагылар үчүнчү стадияга жеткенде гана ооруканага кайра келишет. Эгер ооруну баштапкы учурунда даарылабаса көкүрөктү кесип салууга туура келет.

Дарттын келип чыгуу себептери кандай?

  • Аялдардын жыныстык гормондорунун бузулушу, эстроген гормондорунун көбөйүүсү.
  • Тукум куучулук. Эгерде үй-бүлөдө бир жакыны ооруган болсо, ошол 20% таасир этиши мүмкүн.
  • Аял нерв, стресс болгондо же башка органдарда проблема болсо, мисалы, гинекологиялык оорулардан миома, кистадан дарыланбаган болсо эмчек рагына алып келет.
  • Богок оорусунун негизинде гормондор бузулушунан келип чыгат.
  • Эмчегин бир нерсеге каттуу уруп, сестентип алуусу. Мисалы, жол кырсыка учураса, кичинекейинде бирөөнүн колу каттуу тийип кетсе, кийинчерээк залакасын тийгизет.
  • Залалдуу жана залалдуу эмес шишик оорулар болуп бөлүнөт. Залалдуу эмес шишиктер дагы өз убагында дарыланбаса кийинчерээк эмчек рагына алып келиши мүмкүн.
  • Кыздардын кеч турмушка чыгуусу жана энелердин балдарын өзү эмизбегендиги себеп болот.

Дарыгердин айтымында, мурда бул оору менен элүү жаштан өткөн айымдар кайрылса, азыркы учурда оору барган сайын жашарып баратат. Ошондуктан айымдар бир жылда бир жолу маммологдун көзөмөлүнөн өтүп турушу керек.

Эмчек рагынын алдын алуу үчүн эмнелерди кылышыбыз керек? (Маммологдун кеңештери)

  • Ар бир айым жыл сайын көзөмөлдөн өтүп турууга милдеттүү.
  • Туура тамактанууга көңүл буруш керек.
  • Чылым чегүү, ичимдик ичүүдөн алыс болууга тийиш.
  • Балалуу болгондо өзү эмизгени эң жакшы.
  • Спорт менен машыгып, башка оорулары болсо алдын алып дарыланышы керек.

Даярдаган Айдай Бакытбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM