Биз менен байланышыңыз

ЖМК редакторлору президент Жапаровго кайрылышты

Кыска кабар | 28 Окт 2022 | 251 | 0

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго кайрылуу жолдошту.

Анда соңку кездери көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатканы, кылмыш иштери козголуп, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынып жатканы айтылды.

«Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо демилгеленүүдө. Митингде редакцияларды өрттөп, басма сөз өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонобуз деген ачык коркутуулар болуп жатат, ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга көз жумуп келүүдө.

Президенттин аппараты «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Ал 96% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн.  Анда кээ бир эрежелер дагы катаалдашты. Медиа уюмдардын юристтери эгер документ азыр сунушталган формада кабыл алынса, Кыргызстан ЖМКлары, андан соң блогерлери менен интернет колдонуучулары сөз эркиндиги менен кош айтышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

«Маданият министрлиги экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын демилгеси менен бир жыл мурун кабыл алынган “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдоно баштады. Юристтер белгилегендей, бул мыйзам маданият министрлигине соттун мыйзамдуу чечимисиз, эч кандай талаш-тартыш процесстери жок эле өзүм билемдик менен көз карандысыз маалымат каражаттарына бөгөт коюуга жол берген, адилетсиз нормаларды камтыйт. Бул мыйзамдын нормаларына үч ЖМК кабылды. Алар: «Республика», «24.kg» жана «Азаттык Медиа». Жакынкы аралыкта дагы кеминде үч көз карандысыз интернет-ресурстар бөгөттөлүшү мүмкүн деген маалымат бар. Алар: Kaktus.media, Kloop.kg жана Factcheck.kg» , — деп айтылат кайрылууда.

ЖМК өкүлдөрү мамлекет башчы Садыр Жапаровдон басма сөз кызматынын жана президенттик аппараттын өкүлдөрүнүн катышуусуз жолугушууну суранышууда.

Мындан тышкары, төмөнкү сунуштар менен кайрылышат:

-«Азаттыктын» сайтына бөгөт коюу чечими жокко чыгарылсын;
-Даттанууларды кароону токтотуу жана башка массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюу;
-Журналисттерге карата негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш иштерин токтотуу;
-«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу;
-ЖМК мыйзамдарын талкуулоо үчүн ыйгарым укук берилген медиа коомчулуктун (Журналисттер көз карандысыз союзу, «Журналисттер» коомдук бирикмеси жана редакциялардын жетекчилери) катышуусу менен жумушчу топ түзүү;
-Жогорку Кеңешке: экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын «Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамына депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо.

Юристтер: «Азаттык» боюнча министрликтин аракети мыйзамсыз

Маданият министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин 26-октябрда чыгарды. Бүгүн 28-октябрда Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине карата жасалган соңку кадамдардан улам, масштабдуу маалымат кампаниясы өтүүдө.

ЖМКга басым жасоого каршы багытталган бул акциянын алкагында бүгүн Кыргызстандагы эркин медиаларда Blackout Day жарыяланды. Тактап айтканда ушул күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин акцияны колдоп жаткан бардык медиаларда жаңылыктар чыккан жок. Ошондой эле бүгүн күн бою журналисттер мамлекеттик органдардан келген расмий маалыматтарды жарыялабайт.

Кыргызстандын медиа коомчулугу уюштуруп жаткан бул акция «Азаттык Медиасынын» сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө байланыштуу өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM