Биз менен байланышыңыз

Баткен: Ишкерлерге жеңилдетилген насыя бөлүү сунушу каралууда

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 178 | 0
Сүрөттө Финансы министри Алмаз Бакетаев Баткенде.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Баткен районунун тургундары жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен шаарынын мэри, Баткен, Лейлек райондорунун акимдери, Кулунду айыл аймагынын башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Жыйында төмөнкү маселелер көтөрүлгөн.

  • Жаңы-Жер жана Кулунду айылдарынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу.
  • Булак-Башы айылындагы мектептин курулушу жана капиталдык ремонту.
  • Интернационал жана Ак-Арык айылдарындагы мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү.
  • Насостук станцияларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери.
  • Жаңы айдоо жерлерди өздөштүрүү үчүн жаңы ирригациялык каналдарды куруу жана тартуу.
  • “Жашыл чек ара” долбоорун каржылоо. Бул долбоордун алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Лейлек районунун аймагына мөмөлүү бактардын көчөттөрү отургузулат.
  • “Айылдык долбоорду каржылоо” долбоорунун алкагында жеңилдетилген программалардын пайыздык чендерин субсидиялоону жогорулатуу;
  • Райондордун экономикасын өнүктүрүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө багытталган чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо үчүн жеңилдетилген насыя бөлүү.

Финансы министрлиги жогоруда көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди министрликтин иш-планына киргизип, тез арада чечүүнү колго алары айтылды.

«Өзгөчө көңүл кризистен кийинки мезгилде бизнести колдоо жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо чараларын күчөтүүгө бурулат. Бүгүнкү күндө күн тартибиндеги негизги артыкчылыктардын бири – Баткен облусу. Биз атамекендик ишкерлерди колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгып, “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” аркылуу жеңилдетилген насыяларды бөлүү боюнча сунуштарды карайбыз», — деп белгиледи министр.

14-17- сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кыргыз тараптан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар болгон. Жалпы 661 турак үй жараксыз деп табылган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй ондоп түзөөгө муктаж. 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай жабыркаган. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM