Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Астана шаарына кетти

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 282 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына жөнөп кетти. Мамлекет башчы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт.

Кечинде Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Кыргызстандан барган расмий делегациянын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Казакстадагы элчиси Дастан Дюшекеев;

— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов.

Copyright © 2017 Maral FM