Биз менен байланышыңыз

Министрлик «Азаттык Медианын» сайтынын ишин 2 айга токтотот

Кыска кабар | 26 Окт 2022 | 369 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишин эки айга токтотту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат жана массалык коммуникация департаментинин башчысы Салкын Сарногоева билдирди.

«Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында «Азаттык Медиасынын» ведомстволук түзүмү «Настоящее время» ресурсунда «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш | ASIA” аттуу видеоматериалы жана эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган» , — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу министрлик 17-сентябрда «Азаттык Медиа мекемесине ЖМКлар боюнча колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.

Бирок бул кайрылууга “Азаттык Медиа” жооп кайтарбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.

Ошондуктан министрлик “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 24-октябрдагы көрсөтүлгөн материалды өчүрүп салуу тууралуу катын “Азаттык Медиа” мекемесине жөнөткөн.

Министрликтин катына жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок, ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, “Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибинин» негизинде министрлик интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу, «Азаттык Медиа» сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды деп айтылат министрликтин маалыматында.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

«Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айтылат эл аралык медиа корпорациянын президентининин билдирүүсүндө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM