Биз менен байланышыңыз

Директорлорду тандоо: Үчүнчү айлампа качан өтөрү белгисиз

Билим-маданият | 25 Окт 2022 | 3790 | 0

Мектептердеги бош кызмат орундарына директорлорду тандоо боюнча өткөн тестирлөөнүн экинчи айлампасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Тестирлөөдө Бишкек шаарында 60, Ош шаарында 16, Баткен облусунда 52 талапкер босого баллдан өттү. Буга чейин министрлик сынакка катышкандардын көбү босого баллдан өтпөй жатканын маалымдаган. Буга байланыштуу учурда сынактын биринчи жана экинчи айлампасы боюнча анализ жүргүзүлүп жатат. Директорлорду тандоо сынагында 5 жылдан узак мөнөөттө иштеген мектеп жетекчилери кайра эле орундарын сактап калганын айткандар бар.  

Сынак Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү.

Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбордун бөлүм башчысы Рыскүл Маданбекова директорлукка талапкерлигин койгондордун көпчүлүгү босого баллдан өтө албай жатканын айтты.

Учурда эки айлампанын жыйынтыгы тууралуу анализ жүрүп жатат.

«Талапкерлер убакыт тартыш болгонуна байланыштуубу же күнүмдүк иштеп жүргөн ишиндеги маселелерден берилген суроолорго жооп бере албай калышып, көбү босого баллдан өтө албай калууда. Биринчи жана экинчи айлампада жүргөн сынак боюнча анализдер жүргүзүлүп даярдалууда. Көпчүлүк талапкерлер маалыматтык, башкача айтканда компьютердик технологиялар боюнча колдонуучу катары берилген суроолордон көп упайларды уттуруп коюп жатышат».

Министрликтин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков сынактын экинчи айлампасы тууралуу маалымат берди.

Экинчи айлампага 655 орунга 1 миң 376 арыз түшкөн.

«Борбор калаада тестирлөөгө 79 талапкер катышып, алардын ичинен 51 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өттү. Андан сырткары, Чүй, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы атайын, атайын көмөкчү мектеп-интернаттарындагы бош ваканттык орундарга 10 талапкер тестке катышууга чакыруу алса, 9 талапкер катышып, 1 талапкер келген эмес. Тестке катышкан 9 талапкер тең 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүшкөн. Ош шаары боюнча тестирлөөгө 27 талапкер катышып, анын ичинен 16 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү. Баткен облусунда тестирлөөгө 151 киши катышып, алардын ичинен 52 талапкер ийгиликтүү тапшырган».

Бош кызмат орундарына директорлорду тандоо боюнча өткөн тестирлөөнүн биринчи айлампасына 2 миң 37 талапкер катышкан. Алардын 625и документтердин толук эмес пакетин тапшырган. Тестирлөөгө 1 миң 412 талапкер өтүп, анын дагы 43ү тестке келген эмес. 1 миң 369 тест тапшырып, 486 талапкер белгиленген босого баллдан өткөн.

Бишкек шаарында жайгашкан мектептердин бирине сынактын негизинде директор болуп дайындалган Чолпон Рысбаева тестирлөө оор болгонун, эч кандай адамдык фактор таасир этпегенин айтты.

Ал 72,5 балл менен мектеп директору болуп дайындалды.

«Мен буга чейин университетте иштейт элем. Президенттин жарлыгы менен мектеп директорлоруна сынак жарыяланып калды. Биринчи баскычта документтерди тапшырдык. Документтери туура келгендерди тестке чакырышты. Тестирлөө 80 суроодон турду. Анын ичинде башкаруу менеджменти, конфликтология, курактык психология, IT, нормативдик базалар боюнча суроолор берилди. Жогорку балл 80, босого балл 60 болуш керек деп түшүндүрүштү. Тестти 72,5 баллга тапшырдым. Катышкандардын арасынан мен жеңдим».

Билим берүү маселелери боюнча адис Венера Акматова буга чейин узак мөнөөттө иштеген эски мектеп директорлору кайра орундарын ээлеп жаткан учурлар бар экенин айтты. Ал муну сынак кеч жарыяланып калганы менен байланыштырды.

Ошондой эле ал директору аныктала эле мектептердеги окуу процесси үзгүлтүккө учураганын кошумчалады.

«Кээ бир талапкерлер теория жактан мыкты болушуп, бирок иш жүзүндө коллектив менен иштөө тажрыйбасы начар адистер тандалып калышы мүмкүн. Бул мектептин, жамааттын ичиндеги психологиялык атмосферага чоң таасирин тийгизет. Мен дагы 15 жыл иштеген директорлордун кайра келип калганын байкадым. Бул өтө көп сандагы директорлорго конкурс бир учурда жарыяланып калды. Бул коомдо бир ызы-чуу жаралбашы үчүн ушундай кадамга барышты окшойт. Экинчиден, бул кабар чукул жарыяланып калды. Негизи мектеп августта эле окуу жылына даяр болушу керек. Башында директору болушу керек. Бизде бүгүнкү күнгө чейин директорлор аныкталбай жатат. Кеч аныкталып калган учурлар болуп жатат. Директору аныктала эле мектептердеги окуу процесси кадимкидей үзгүлтүккө учурады».

Буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылып, июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак Талас облусунда өткөн. Бүгүнкү күндө биринчи жана экинчи айлампа жыйынтыкталды.

Тестирлөөнүн үчүнчү айлампасынын качан өтөрү азырынча белгисиз. Бул боюнча министрлик жакында маалымат берет.

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM