Эртең, 26-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, «Ала-Тоо» 1, «Ала-Тоо» 2 жаңы конуштарындагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине жана башка социалдык объектилерге, өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
«Ала-Тоо» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.