Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна барып, Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси менен жолугушту.
Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн имаратында президенттин атынан 1 млн сом суммасындагы сертификатты тапшырды. Жакшылык 16 жашка чыкканда депозиттик эсепте 11,5 млн сомго жакын сумадагы каражат топтолот. Мындан тышкары, наристенин ата-энеси 200 миң сомдук сертификат алат.
Өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Балдардын ата-энелерине көрсөтүлгөн суммага сертификат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан тапшырылат.
Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди да кыдырды.