Биз менен байланышыңыз

Кыргыз дипломатиясынын азыркы күндөгү абалы

Коом , Саясат | 24 Окт 2022 | 851 | 0
Дипломаттардын президент менен жолугушуусу, 2019-жыл 14-март

Бүгүн, 24-октябрь Кыргызстанда дипломатия кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Президент дипломаттарды куттуктап, Кыргызстан тышкы саясатта тең салмактуулукту карманарын билдирди.

Ошол эле учурда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү көпчүлүк элчилерине сын-пикир көп айтылат. Ошондой эле аталган кызматка учурда кесипкөй эмес, тааныш-билиш менен кадрлар дайындалган учурлар да жок эмес. Кыргыз дипломатиясынын бүгүнкү күндөгү абалы жана дипломаттарды дайындоо маселелери боюнча адситердин пикирлерин чогулттук. 

Президенттин билдирүүсүндө айтылгандай, азыркы учурдагы татаал геосаясий кырдаал эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар тутумуна олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Ал өз сөзүндө дүйнө мурда калыптанып калган тартипке коркунуч келе турган бир башаламан процесске кирди. Эл аралык институттардын жана эл аралык укуктун ролунун алсыздануусунун белгилери ачык байкалууда, коопсуздукка жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болууда.

Ушундай татаал шартта Кыргызстан дүйнөлүк аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоого өз күч-аракетин багыттуу жумшап жатат. Ушуга байланыштуу негизги роль дипломатиялык кызмат органдарына жүктөлгөнүн белгилейт.

«Өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык кызматташтыктын географиясын кеңейтүү жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу багытындагы сиздер жүргүзүп жаткан экономикалык дипломатия өзгөчө мааниге ээ» , — деп айтылат Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.

Кыргызстан тышкы саясатында дүйнөдөгү көп өлкөлөр менен ар тармактуу мамиле түзүп келет. Ошол эле учурда мамлекеттин дипломатиялык корпусунун алыс-жакынкы чет мамлекеттердеги элчилерди дайындоо маселеси коомчулукта кызуу талкууланып келет.

Кыргызстан үчүн тажрыйбалуу диломаттарды кызматка дайындоого 30 жыл жетишсиз экенин практика көрсөтүп жатканын эл аралык мамилелелер боюнча эскперт Игорь Шестаков билдирди.

Анын айтымында, элчилер аларга тиешелүү болгон жумуштарды, тактап айтканда, инвестиция тартуу, эл аралык аренада өлкөнүн аброюн көтөрүү иштерин так аткарбай жатышат.

Мындан сырткары, кесиби боюнча дипломат болбогон адамдарды тиешелүү кызматка дыйындоо көрүнүшү кеңири жайылып жатат. Ошол эле учурда бул көрүнүштүн ийгиликтүү мисалын келтирди.

«Мисалы Орусиянын элчилигинин ишмердүүлүгү дайыма коомчулуктун көңүл чордонунда болуп келет. Карап көрсөк, элчи Гүлнара Клара-Самат кадрдык дипломат эмес. Анын бул жумушка тиешеси жок. Бирок мен алардын иштеп жатканын өз көзүм менен көрүп,  таң калдым. Алар суук күндөрү документтерди алууга келген жарандар эшикте турбашы үчүн инфраструктурасын өзгөртүүгө даяр болгон оң мисал деп эсептесек болот».

Ал эми саясат талдоочу Сейтек Качкынбай кыргыз дипломаттары чет элдик элчилерден кем калбайт деп эсептейт. Кесипкөй, тажрыйбалуу, эл аралык мыйзамдарды билген, татыктуу иштеген, күчтүү дипломаттар көп экенин кошумчалады.

 «Дипломаттардын тааныш-билиш аркылуу дайындалышы, ошону менен өз ишин так билбегени бул — дипломаттардын маселеси эмес, жалпы системанын көйгөйү. Бизде мамлекеттик кадрлар сынак, конкурс аркылуу дайындалбай, “тигинин тууганы, кошунасы, жакыны” деген принциптер бардык жерде орун алган.

Ал эми жалпы жонунан биздин дипломаттарга жакшы баа берем. Айрыкча азыркы тапта тышкы саясатты жакшыртууга аракеттер көрүлүп, иштер жүрүп жатат десем жаңылышпайм.»

Улуттук стратегиялык изилдөө институнун илимий кызматкери Нуржан Жолчубек уулу, 30 жылдан бери дипломаттар жогорку деңгээлде иш алып барып жатканын белгилейт. Ал Кыргызстан көп мамлекеттер менен визасыз режим менен иштешип жатканын, чет өлкөлөрдөгү мигрант мекендештерге жакшы шарттар түзүлүп жатканын мисал келтирип, буга кыргыз диломаттардын салымы чоң деп эсептейт.

«Бизде дипломаттардын мектеби күчтүү болгон. Мисалы: Казы Дыйканбаев, Күлийпа Кондучалова, Роза Отунбаева, Чыңгыз Айтматовдор биздин дипломатиянын деңгээлинин жогорулашына көптөгөн салымдарын кошушкан. Азыркы дипломаттар арасында ушул улуу инсандардын ишин улантып, кыргыз дипломатиясын дагы да өнүктүрөт деп ишенем».

Кыргызстандын 110дон ашуун мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 70тен ашык эл аралык уюм менен кызматташат. Чет жерлерде Кыргызстандын 30 дипломатиялык өкүлчүлүгү, сегиз консулдук бөлүмү бар.

Copyright © 2017 Maral FM