Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин 19 мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 24 Окт 2022 | 1096 | 0

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, бир канча саясатчы, активисттерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелери менен («Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу») кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

23-октябрдын таңында 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитенин бардык мүчөлөрүнө күч кызматкерлери тинтүүгө келгенин айткан. Анын негизинде төмөнкү саясатчылар жана активистер кармалган:

1. Равшан Жээнбеков;

2. Асия Сасыкбаева;

3. Рита Карасартова;

4. Чынарбек Шабдан уулу (Али Шабдан);

5. Таалай Мадеминов;

6. Улугбек Маматаев;

7. Перизат Суранова;

8. Жениш Молдокматов;

9. Эрлан Бекчоро уулу;

10. Гульнара Джурабаева;

11. Чыңгыз Капаров;

12. Клара Сооронкулова;

13. Атай Бейшенбек;

14. Азимбек Бекназаров;

15. Нурлан Асанбеков;

16. Айбек Бузурманкулов;

17. Канат Исаев;

18. Айданбек Акмат;

19. Кубаныч Кадыров. Бул тууралуу көз карандысыз журналист Канышай Мамыркулова жазды.

22-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM