Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, бир канча саясатчы, активисттерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелери менен («Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу») кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
23-октябрдын таңында 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитенин бардык мүчөлөрүнө күч кызматкерлери тинтүүгө келгенин айткан. Анын негизинде төмөнкү саясатчылар жана активистер кармалган:
1. Равшан Жээнбеков;
2. Асия Сасыкбаева;
3. Рита Карасартова;
4. Чынарбек Шабдан уулу (Али Шабдан);
5. Таалай Мадеминов;
6. Улугбек Маматаев;
7. Перизат Суранова;
8. Жениш Молдокматов;
9. Эрлан Бекчоро уулу;
10. Гульнара Джурабаева;
11. Чыңгыз Капаров;
12. Клара Сооронкулова;
13. Атай Бейшенбек;
14. Азимбек Бекназаров;
15. Нурлан Асанбеков;
16. Айбек Бузурманкулов;
17. Канат Исаев;
18. Айданбек Акмат;
19. Кубаныч Кадыров. Бул тууралуу көз карандысыз журналист Канышай Мамыркулова жазды.
22-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн.