Биз менен байланышыңыз

Депутат Икрамов: Ачык пикир айткандарды камоо менен маселе чечилбейт

Кыска кабар | 23 Окт 2022 | 967 | 0

«Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрүн, жарандык активисттерди,  оппозициялык маанайдагы саясатчыларды жекшемби күнү таң эрте үйүн тинтүүгө алуу демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузуу болуп эсептелет.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет.

«Ачык пикир айткандарды антип камоо менен маселе чечилбейт. Маселе эл менен эсептешкенде гана чечилет» , — деди депутат.

«Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттердин үйү тинтүүгө алынып,  милиция көбүн кармап кетти. ИИМ расмий маалымат бере элек. Акыйкатчы институту ишти көзөмөлгө алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM