Биз менен байланышыңыз

12 жаштагы Жанат «Кыргызстандын Кызыл китеби» мобилдик тиркемесин иштеп чыгат

Блог | 22 Окт 2022 | 2106 | 1

10 жаштагы Дарина Усенова санариптик демилгелер сынагында жеңип, «Кыргызстандын Кызыл китеби» мобилдик тиркемесин иштеп чыгат. Дарина бул тиркемени 12 жаштагы курбусу Жанат Манапова менен ойлоп табып, ишке ашыруу алдында турушат. Манапова “Маралдын” редакциясына маек куруп, тиркеменин максаты, демилгеси тууралуу ой бөлүштү.

Буга чейин «DigiKonush — Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн санарип демилгелер жана стартаптар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталган.

Европа Биримдигинин каржылоосунда «Лидер» атуулдук демилгелер борборунун демилгеси менен уюштурулган сынактын максаты элеттик аялдардын, жаштардын, аймактык уюмдардын бизнес мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

Гранттык колдоо алуу сынагына Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынан экология, айыл чарба, онлайн өндүрүм, билим берүү жана башка тармактардан 25 долбоор катышты.

25 катышуучунун арасынан эки жаш ойлоп табуучу алдыңкы орундарга озуп чыгып, жеңүүчү аталып, долбоорун ишке ашыруу үчүн Европа Биримдиги тарабынан 4,5 миң евро утуп алышты.

12 жаштагы Жанат Манапова сынакка Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынан катышты. Курбусу экөө Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоо максатында балдар үчүн атайын оюн-тиркеме иштеп чыгышкан. Манапованын айтымында, бул оюн өзгөчө окуучуларга пайдалуу болуп, «Кызыл китепке» кирген жаныбарларды коргоого өбөлгө түзөт.

«Биз бул долбоордун үстүндө үч ай иштедик. Ал Кыргызстандагы «Кызыл китепке» кирген жаныбарларды коргоого мүмкүндүк берет. Бул оюн болот, анын ичинде сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрү көрсөтүлгөн. Бул оюн өтө жеңил жана кызыктуу. 6 жаштан 16 жашка чейинки балдарга багытталган. Аны биология, география, тарых сыяктуу сабактарда колдонсо, балдарга кызыктуу боло баштайт. Бул тиркеме аркылуу окуучулардын билими кеңейет деп ойлойм».

Жанат бул тиркеменин идеясынын келип чыгышына токтолду.

«Бул долбоордун үстүнөн Дарина экөөбүз көп ойлондук. Мектептеги классташтарыбыздын, окуучулардын арасынан сурамжылоо өткөрдүк. Алардан: «Кайсы долбоор силерге пайдалуу болмок?», «Эмнени көргүңөр, окугуңар келип жатат?», — деп сураштырдык. Ушул тиркеме, кызыл китепке кирген жаныбарлар жөнүндө айтып калышты. Биз да ушуну эң керектүү деп ойлоп, иштеп баштадык».

Долбоорду жазуу алдында жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, жергиликтүү калктын көпчүлүгү өлкөнүн Кызыл китепке кирген жаныбарлары жөнүндө аз билишет.

«Дээрлик бардыгы Ак илбирс жана архар жөнүндө гана билишет экен. Ал эми тиркемеде Кызыл китепке кирген жаныбарлардын 8 түрү бар: архар, Кызыл карышкыр, Ак илбирс, күрөң (бурый) аюу жана башкалар».

«Кыргызстандын Кызыл китеби» тиркемеси эки бөлүктөн турат: маалыматтык жана интерактивдүү.

«Экинчисинде жаш балдарга кызыктуу болуу үчүн Ак илбирс мергенчинин жебелеринен кача турган мобилдик оюн камтылган. Бул тиркеменин максаты жаш муундардын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу жана айлана-чөйрөгө аяр жана боорукер мамиле түзүү болуп саналат».

Дарина менен Жанатта атаандаштар жок. Мындай тиркеме Кыргызстанда биринчи жолу пайда болот.

Санариптик демилгени ишке ашыруу үчүн 4,5 миң евро талап кылынат. Ойлоп табуучу кыздардын жакындары 1,3 доллар өлчөмүндө салым кошууга даяр.

Мобилдик тиркемени кийинки жылдын апрель айына чейин ишке ашыруу зарыл.

1 пикир

1 пикир

  1. Бурул

    24.10.2022 23:23

    Абдан жакшы баары жаш адистер кобойо берсин жаштар суйлосун

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM