Биз менен байланышыңыз

Жарандык авиация тармагынын учурдагы абалы

Саясат | 21 Окт 2022 | 593 | 0

Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясы 21-октябрда жарандык авиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты, ата мекендик авиацияны өнүктүрүү, көйгөйлөрү жана перспективалары боюнча жыйын өткөрүштү. Анда «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортунун ишмердүүлүгү, «Баткен» аэропортундагы маселелер жана «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча долбоор боюнча маселелерге токтолушту. Жыйында көтөрүлгөн негизги көйгөйлөргө алдыда кененирээк токтолобуз.

Жыйында Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев 2023-жылы Эл аралык жарандык авиация уюмунун 8 маанилүү элементи жана учуу коопсуздугу боюнча толук масштабдуу аудит жүргүзүү пландалып жатканын айтты. Ошондой эле кыргызстандык авиакомпанияларды Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө учууга тыюу салынган кара тизмеден чыгаруу боюнча иштерди күчөтүлүп, жол картасы даярдалууда деп билдирген.

Талкуу учурунда Баткен аба майданы ремонт иштери башталганга чейин бир ай негизсиз жабылып турганы белгилүү болду. Фракция лидери Улугбек Ормонов Бишкек-Исфана-Бишкек жана Бишкек-Баткен-Бишкек багыттары боюнча үзгүлтүксүз каттамдардын жыштыгын көбөйтүү маселесин көтөрүп, Баткен аэропортунун өз убагында оңдолбогондуктан, Баткен окуясы учурунда иштебей жабык тургандыгын сынга алды.

«Эмне үчүн Баткен аэропортун оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө башталбай калды, аэропорт өз убагында иштебей, учурда каттамдар аткарылбай жатат. Эмне үчүн адегенде аэропорттун ишин токтотуп, анан эле сынак өткөрө баштадыңар? Ага чейин ушундай кылса болбойт беле? Эгер 1-августтан баштап учактарды тейлөө мүмкүн эмес экенин билсеңиз, август айында оңдоо иштерин баштоо үчүн май-июнь айларында сынак өткөрүшүңүз керек болчу».

«Манас» эл аралык аэропортунун инфраструктуралык өнүктрүү бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Бекбача уулу Баткен аэропортунун сертификаты 1-августта эле бүткөндүгүн белгилеп, бардык оңдоо иштери ноябрь айынын аягына чейин бүтө тургандыгына ишендирди.

Анын айтымында, 1-августта жарандык авиация сертификатын узарткан эмес, аэропорттун учуп-конуу тилкеси колдонуудан чыккандыктан ремонтко жабылган.

«Учуп-конуу тилкеси 70-80-жылдары курулган. Жарандык авиация оңдоо тапшырмасын койгон. 1-августтан тарта оңдоо иштерине тендер өткөрүлүп, 3-сентябрда иш башталды. Баткен окуясына байланыштуу оңдоо иштери солгундады. Азыр жамоо бүттү, биринчи катмар төшөлдү. Ноябрдын аягына чейин бардык иштер бүткөрүлөт».

«Манас» эл аралык аэропортунун башкы директорунун өндүрүш боюнча орун басары Расул Мамашев аэропорттун быйыл аткарган иштери боюнча буларга токтолду.

«Быйыл жалпы 32 928 рест аткарылды. Анын ичинен 19 миң 256 рейсти «Манас» аэропорту аткарса, 12 миң 822 рейсти Ош аэропорту аткарып жатат. Ал эми «Ысык-Көл» аэропорту  850 рейс аткарды. Быйыл Кыргызстандын аэропорттору жалпы 4 млн 2 миң 822 жаранды ташыган. Анын ичинен «Манас» 2 млн 146 миң 616, «Ош» аэропорту 1 млн 810 миң 226, «Ысык-Көл» аба майданынан 85 миң 980 киши болду. былтыркыга салыштырмалуу аба каттамдарын колдонуучулар өскөн. План бүгүнкү күнгө карата 128%га аткарылды.  «Ысык-Көл» аба майданынын көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырмалуу азыраак. Быйыл 200 рейс жетпей калды». 

Депутат Марат Мураталиев да Баткен аэропортун оңдоо иштерин тез арада бүтүрүү зарылдыгын белгилеп, стратегиялык объектинин иштебей турушу уят иш экендигин айтты.

«Бул стратегиялык объект, ал толук кандуу иштеши керек. Биз бул жактан Баткен деп көкүрөктү чаап атабыз, ал жакта аэропорту иштебей турат экен. бул иштерди көзөмөлгө албасак болбой, Өкмөт карабаса, биз булардын аткарган иштерин көзөмөлдөп, шаштырып, иштин мөөнөтүндө бүтүшүнө жардам берели».

Депутат Русланбек Жакышов авиабтлеттердин баасын жөнгө салуу маселесин көтөрдү. Ага Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлү Кеңешбей Тайлаков жооп берип, аларды жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору жазылып жатканыдыгын айтты.

«Бүгүнкү күндө эл аралык рейстер биз жактан көзөмөлдөнбөйт. Биздинмыйзамдар тчки рынокко багытталган. Ички рынокто «ТезЖет» жана «Авиатраффик» деген компаниялар бар. Булар 2017-жылдан бери бааларын өздөрү аныктай турган болуп чыгып кеткен. Жакында эле бизге министрлер кабинети тарабынан бизге тиешелүү тапшырмалар берилген. Ошонун алкагында ички рынок боюнча бир катар  иштерди жүргүзүп жатабыз. Булар баалырын өздөрү аныктап, аген жана субагент деп тузүп алышкан экен. Азыр ошолордун үстүнөн иштеп жатабыз. Жакында сиздерге тийиштүү сунуштар менен келебиз. Андан сырткары, жакында эле парламентке «баа түзүмү боюнча» мыйзам долбоорун сунуштап, алып келдик. Ошол мыйзам колдоо таап өтсө, анда авиа билеттердин баасын жөнгө салып калабыз».

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча долбоордо Кыргызстандын аймагында курула турган станциялар боюнча айтты.

«Азыр «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жатат. План боюнча Торугарттан -Арпа,  Арпадан- Макмал, Макмалдан Өзбекстанга өтөт. Алдын ала ойлонуштурганда 7-8 станция болот. Анын так саны ТЕО даяр болгондо билинет». 

Жыйында депутаттар аэропорттордун ички инфраструктурасын жакшыртуу талабын коюп, тейлөөнү жакшыртуу, кардарлардын көңүлүн буруу маселелерине токтолуп, өлкөнүн аэропортторун эл аралык компанияларга аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.

«Манас» эл аралык аэропортуна быйыл 6 айда 1 миллиард 600 миллион сомдук киреше түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM