Биз менен байланышыңыз

LG компаниясы Орусиядагы өндүрүшүн Казакстан же Өзбекстанга көчүрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2022 | 623 | 0

Орусияда тиричилик техникаларын өндүргөн түштүк кореялык LG компаниясы өндүрүшүн Казакстан же Өзбекстанга көчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы жеке булактарына таянып жазган.

Маалыматта түштүк кореялык LG компаниясы  Өзбекстандын Artel тиричилик техникаларын өндүргөн ишканасынын базасында ишин улантууну көздөп жатканы айтылат.  Айрыкча топ-менежерлердин бир тобу Ташкентке көчүрүлгөнүн билдирген. Ал эми Artel Electronics  сүйлөшүүлөр болуп жатканын, бирок азыркы тапта LG менен эч кандай өнөктөштүк жок экендигин маалымдаган.

Дагы бир версия боюнча түштүк кореялык бренд Казакстанга көчүшү мүмкүн. Анткени 1998-жылдан бери Казакстанда LG заводу бар болуп, Орусияда өндүрүлгөн ассортименттин баарын чыгарып жүргөн. Бирок, бир канча жыл мурун аталган завод жабылып калган болчу. Учурда Казакстандын бийлиги LG компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, заводду кайрадан ачуунун аракетинде, — деп кошумчалаган «Коммерсантъ».

Apple Орусиядагы офисинин бир топ кызматкерин Кыргызстанга көчүргөн

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM