Биз менен байланышыңыз

Apple Орусиядагы офисинин бир топ кызматкерин Кыргызстанга көчүргөн

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 949 | 0

Америкалык Apple корпорациясы Орусиядагы офисинин бир топ кызматкерин Кыргызстанга көчүргөн. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы жеке булактарына таянып билдирди.

«Ведомости» басылмасынын маалыматына караганда, Apple компаниясынын Орусиядагы офисинин кызматкерлеринин бир бөлүгү ушул жайдын аягында Кыргызстанга жайгашкан. Гезит Орусиядагы Apple офисинин мамлекеттик органдар менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Назим Турдумамбетов Кыргызстанда туулганын жазган.

Ошондой эле дагы бир катар кызматкерлер Улуу Британияга жайгашкан.

«Ведомости» басылмасына сүйлөп берген эксперттердин айтымында Орусиядагы эл аралык IT-компаниялар кызматкерлерин Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанга көчүрүп жатканын, буга чыгымдардын аздыгы жана бул өлкөлөрдө орус тили кеңири жайылгандыктан ыңгайлуу деп эсептелгени себеп болууда. Ошондой эле Сербия жана Черногория өлкөлөрү да бул тизменин катарында.

Орусия Украинага кол салгандан бери  Apple Орусиядагы ишмердүүлүгүн расмий токтото элек. Бирок жаңы үлгүдөгү өнүмдөрүн сатууну токтотуп, Apple Pay тиркемесинен бир катар орусиялык дүкөндөрдү алып салган.

Copyright © 2017 Maral FM