Биз менен байланышыңыз

Улан Примов Чыңгыз Айдарбековдун ордуна шайланды

Кыска кабар | 20 Окт 2022 | 329 | 0

Улан Примов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында анын талапкерлигин 70 депутат колдоду.

Бүгүн эле Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан 43 депутаттын колдоосу менен алынган. Ага парламенттеги үч фракция жана эки депутаттык топ ишеним көрсөтпөө чечимин чыгарышты.

Айдарбеков кыргыз-өзбек чек ара маселесине байланыштуу келишим долбоору боюнча чечимге комитет төрагасы катары кол коюудан баш тарткан.

Улан Примов «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү. Аталган фракциянын лидери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин спикери болуп шайлангандан кийин Примов вице-спикерлик кызматын тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM