Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык 6 мушкер Бангкокто лицензиялык турнирге катышат

Кыска кабар , Спорт | 21 мая 2024 | 799 | 0

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Таиландда өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия берген мелдешке катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашат.

Кыргызстандын курама командасынын мушкерлери Анвар Ходжаев, Мунарбек Сейитбек уулу, Асхат Култаев, Нурадин Рустамбек уулу, Өмүрбек Бекжигит уулу, Эркин Адыл уулу башкы машыктыруучу Төлөгөн Данияр уулу, уулук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана макшыктыруучу Беганас Султанбаевдердин жетекчилиги астында мелдешке катышат.

Таиланддын Бангкок шаарында өтө турган турнир Париждеги олимпиада оюндарына жолдомо бере турган акыркы турнир болуп эсептелет.

Беттештер 23-май күнү башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM