Биз менен байланышыңыз

Жакшылыктын ата-энеси: Миллион сомдун бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшайбыз

Блог , Коом | 20 Окт 2022 | 1135 | 0

19-октябрда Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү. Президент Садыр Жапаров наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады. Өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулат. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын атынан жер участогу берилет. Жакшылыктын атасы Валижан Абдурасулов менен баарлаштык

— Уулуңуз саат канчада төрөлдү? Салмагы, бою канча болду, айтып берсеңиз.

Уулум 18-октябрдан 19-октябрга өткөн түнү саат 2:30 чамасында төрөлдү. Салмагы 3,9 кг, бою 54 см. Ошол күнү кечинде аялымдын толгоосу башталып, төрөт үйүнө бардык. Төрөт үйунүн эшигинен киргенде эле жакшы ниет кылып киргем. Кудайга ыраазычылыгымды билдирип, дуба кылдым. Медайым, врачтар келишип, жылуу тосуп алышты. Аялымдын төрөт бөлмөсүнө алып кирип кетишти. Ошентип күтүп олтурдум ичинде. Түнү төрөдү деп сүйүнчүлөштү. Врачтарга ыраазычылыгымды айтып, аябай кубандым. Эмне керек деп сурасам, бардык нерселер бар дешти. 2 сааттан кийин тамак алып келдим.

— Ымыркайыңыз 7 миллионунчу жаран экенин качан уктуңуз? Кандай сезимдер болду?

Ошол түнү үйгө келип, уктап калыпмын. Эртең менен турсам жубайым телефон аркылуу чалып калды. Биздин уулубуз 7 миллионунчу бала болуп төрөлүптүр деди. Ишенбей, тамашалап койду деп ойлодум. Аялым чын экенин айтып, мэрияга чакырып жатат деди. Барып берилген суроолорго жооп бериш керек экен деди. Кубандым. Биринчиден, жараткандын бала бергенине сүйүндүм. Экинчиден, ушундай акжолтой уул болгонуна, 7 миллионунчу эсепке туура келип калыптыр деп эки жактан сүйүндүм. Куттуктоолорду жакшы кабыл алып, маанайыбыз жакшы. Жубайым менен уулумдун азыркы учурда абалы жакшы. Эки кызым, бир уулум бар. Азыр төрт балалуу болуп калдым.

— Президент уулуңузга Жакшылык деген ысым берди. Сиздерге жактыбы, балким башка ысым ойлонуп жүргөндүрсүз?

Жубайыма президентибиз Садыр Нургожоевич телефон аркылуу чалды. 7 миллионунчу баланы төрөгөнү үчүн куттуктап, жакшы каалоо тилектерин айтты. Анан келинчегим балабыздын атын тандап берүүнү суранды. Президентибиз балага өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады. Бизге да бул ысым жакты. Биз дагы элде, жерде, ар бир үй-бүлөдө жакшылык болсун деген ниетте бул ысымды кабыл алдык. Уулум менен жубайым эки-үч күндө чыгышы мүмкүн.

— Жакшылыктын 7 миллионунчу жаран болуп төрөлгөнү үчүн мамлекет тарабынан уулуңуздун депозиттик эсебине 1 миллион сом которулары айтылды. Бул каражатты эмнелерге жумшайм деген оюңуздар бар?

Бир миллион сомду мамлекет берип калса, жакшылык иштерге иштетели деп пландап жатабыз. Бир бөлүгүн турмуш шарты оор, кыйналып жашаган үй-бүлөлөргө беребиз. Дагы бир бөлүгүн үй-бүлөбүзгө, жашоо тиричиликке иштетүүнү көздөп жатабыз. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 6 сотых жер участогун беребиз деп айтышты. Берилип калса, келечекте уулума үй салынып, анын жери болот.

— Маегиңизге рахмат!

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM