Биз менен байланышыңыз

Нарындагы Кубакы ашуусу убактылуу жабылды

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 346 | 0

Нарын облусундагы Кубакы ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кубакы ашуусундагы жолдордо кардын калыңдыгына байланыштуу бардык унааларга чектөө киргизилип, Балыкчы шаары аркылуу каттам уюштурулду.

Мындан тышкары, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу кышкы дөңгөлөктүү автоунаалар гана өткөрүлүп жатат.

15-октябрдан 2023-жылдын 1-майына чейин Бишкек-Ош жолунда автобустар, кичи автобустар, ошондой эле кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөр тагылбаган минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынган.

Ашуулардагы жолду тазалоого бардык техника тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

Бул ашуулар аркылуу каттамда жүргөн айдоочуларга чынжырча алып жүрүү, каршы тилкеге ​​чыкпоо, атайын техникалардын тыгынга киришине жол бербөө сунушталат. Унаалардын ортосунда 500 метр коопсуз аралыкты сакталышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM