Биз менен байланышыңыз

Экс-министр Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 1922 | 0

Мурунку билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бейшеналиев пара түрүндө алган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Учурда ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан экс-миинстр Бейшеналиевге карата 110 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Бейшеналиев 29-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 500 АКШ долларын берген. Тергөөнүн жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү.

Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM