Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаагандыктан кышкы дөңгөлөктүү автоунаалар гана өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет.
15-октябрдан 2023-жылдын 1-майына чейин Бишкек-Ош жолунда автобустар, кичи автобустар, ошондой эле кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөр тагылбаган минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынган.
Мекеме кышкы дөңгөлөктөр менен жабдылбаган унаалардын айдоочуларын Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыгуудан алыс болууга чакырат.