Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен ири өлчөмдө акча каражаты киргизилгенин аныктады.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну 1981-жылы туулган Т.А.М аттуу жарандын башкаруусундагы мамлекеттик номуру О9240AG «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Унааны тинтүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга тангакталып, скотч менен оролгон акча каражаты Тажикстандан контрабандалык жол менен киргени жана анын суммасы 2 млн 750 миң АКШ доллары экени аныкталды.
Бул ишке тиешеси болушу мүмкүн делген Кыргызстандын төрт жараны кармалып, облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси 4-бөлүмүндө (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголду. Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.