Биз менен байланышыңыз

Киевге дрон-камикадзелер менен чабуул жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 565 | 0

Бүгүн Киевге Орусия тараптан дрон-камикадзелер менен чабуул болгонун шаар мэри Виталий Кличко билдирди.

Дрон-камикадзелер чабуулунан улам шаардын Шевченко районунда бир канча турак-жай кыйраган. Кличко «Абадан чабуул эскертүүсү берилди. Башпаанектериңизден чыкпаңыздар», — деп жазды Телеграм каналында.

Ошондой эле кечээ түнү Орусиянын аба күчтөрү Днепропетровск облусунда «Град» ракетасы жана артиллерия менен сокку урган.

Дрон-камикадзе — Ирандын өндүрүшүнө таандык «Шахид» учуучу дрондору. Ал система көрсөткөн жерге жапыз учуп барып жардырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM