Биз менен байланышыңыз

«Элдин психологиялык абалына кам көргүлө». Максат айылынын тургундары президентке кайрылды

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 999 | 0

Лейлек районунун Максат айылынын айыл башчысы Сапарали Адинаев үйү өрттөнүп кеткен айыл тургундары менен бирге өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу видео журналист Тургунбай Алдакуловдун ютуб каналында жарыяланды.

Кайрылууда Максат айылынын үйү өрттөлүп, тонолгон тургундары чек араны тактоону тездетүүнү талап кылган. Андан сырткары айыл тургундарынын 40%ы үйлөрүнө кайта электигин, калкка психологиялык жардам зарылдыгын айтышкан. Ошондой эле Максат айылынын мектеби ачылбай, балдар онлайн окуп жатканын билдиришкен.

Максат айылы ушуну менен экинчи жолу тажик баскынчылары тарабынан өрттөлүп, жабыр тартты. 14-17-сентябрдагы кол салууда Максат айылында 20 турак үй толук өрттөлгөн. Андан сырткары ондогон үйлөр тонолуп, дагы бир канчасы капиталдык ремонтко муктаж.

Copyright © 2017 Maral FM