Түркиянын учкучсуз аба учактарын өндүргөн Baykar компаниясы Кыргызстандын өкмөттүк делегациясын кабыл алганын жазды. Бул тууралуу сүрөттөрдү компаниянын Твиттер баракчасында жарыяланды.
Маалыматта: «Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана министрлер кабинетинин төрага орун басары Камчыбек Ташиев баштаган делегация Өздемир Байрактар Улуттук технологиялык борборун зыярат кылды. Биз аларды кабыл алганыбыздан абдан кубанычтабыз», — деп айтылат.
Кечээ, 12-октябрда Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Акынжы биздики! Боордош элибизге ыраазычылык!» — деп билдирүү жазып, Акынжы учкучсуз учагын алуу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган.
Baykar компаниясы — Түркияда согуштук учкучсуз аппараттарды өндүргөн жеке менчик ишкана. Анын ээлеринин бири жана техникалык директору Сельчук Байрактар түрк президентинин күйөө баласы.
Bayraktar AKINCI согуштук дронунун артыкчылыктары (фото, видео)