Биз менен байланышыңыз

«Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору алмашты

Кыска кабар | 11 Окт 2022 | 271 | 0

Наралы Асанбаев «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

«Эркин Тоо» гезитинин буга чейинки башкы редактору Бахпурбек Аленов кызматынан бошотулду.

«Эркин-Тоо» гезити — кыргыз тилинде чыккан туңгуч гезит. Анын алгачкы саны 1924-жылдын 7-ноябрында Ташкенде жарык көргөн. Кийинчерээк ал «Кызыл Кыргызстан», «Советтик Кыргызстан», «Кыргыз туусу» аталып калган.

Ал эми 1991-жылдын 3-июлунда «Эркин Тоо» аталышы менен Кыргызстандын дагы бир расмий гезити ачылып, алгачкы саны жарыяланган. Бул гезит Кыргызстандын мыйзамдарын жана башка расмий кагаздарын жарыялап келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM