Биз менен байланышыңыз

Жапаров Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту

Кыска кабар | 11 Окт 2022 | 207 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-октябрда Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту. Ал альпинисттердин кайраттуулугун жана өжөрлүгүн белгилеп, эң бийик тоо чокуларынын бирин багындырышканы сыймыктануу жана шыктануу сезимин жаратканын айтты.

Президент альпинисттерди колдоого даяр экенин билдирип, жаңы жетишкендиктерди каалады.

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырууну көздөгөн 80 өлкөнүн 404 альпинистинин ичинен 60ка жакыны гана чокуга жеткенин айтып беришти.

Алардын арасында алтоосу кыргызстандык – КРнын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү. Анын ичинен үчөө кислороддук колдоосу жок чокуга чейин чыгышкан. Бул алпьинизмде чоң жетишкендик.

Кыргызстандын альпинизм боюнча курамасы Гималайдагы Манаслу чокусун үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында багындырышкан.

Альпинисттер Манаслу чокусун тандап алуусу анын аталышынын символикалуулугу жана “Манас” эпосуна окшоштугуна байланыштуу болгонун белгилешти.

Экспедиция катышуучулары Кыргызстандын желеги тоонун үстүнө көтөрүлгөнүн кабарлашты. Мындан тышкары катышуучулар чокуга чейин “Манас” эпосунун үч килограммдык томун алып чыгышкан. Алардын айтымында, алар бул көтөрүлүүнү Кыргызстанга, Баткенге жана “Манас” эпосуна арнашкан.

Манаслу чокусу же “Рух тоосу” 8 миң 163 метрге жетип, планетадагы эң бийик чокулардын бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM