Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын медиасы күчтүү». Жаңы мыйзамдагы кемчиликтер

Блог | 10 Окт 2022 | 287 | 0

Кыргызстанда «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты. Анын демилгечиси президенттин аппаратынын маалыматтык саясат кызматы.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылчылыгы 1992-жылдын 2-июлунда кабыл алынган, учурда иштеп жаткан «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам моралдык жактан эскиргени менен түшүндүрүлдү.

Ошондой эле маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү максаты айтылды. Мындан тышкары, маалымдоо каражаттарын жана аларды чыгарган уюмдарды түзүүнүн укуктук механизмин Жарандык кодекстин талаптарына ылайык келтирүү максаты көрсөтүлдү.

Мыйзам долбоорундагы айрым жагдайлар:

-Интернет сайттарын укуктук жөнгө салуу;

-Чет элдик жарандар ЖМКнын негиздөөчүсү боло албайт;

-2023-жылдын 1-июнуна чейин ЖМКлар кайра каттоодон өткөрүлөт, каттоодон өтпөй калгандар жоюлган деп эсептелет.

-ЖМК ээсинин толук масштабдуу юридикалык институту киргизилүүдө.

Мыйзам долбоору тууралуу толук маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков «Маралдын» «Күн чабыт» программасында мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди.

-Учурдагы мыйзам чыны менен эскирдиби? Жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууга зарылчылык бар беле?

-Ар кимдин пикири ар кандай, мыйзам долбоорлорунда ар бир маселени майдалап, мыйзамдык акты катары жазыш керек дегендер бар, же болбосо жалпы, концептуалдык нерселерди белгилеп койсо жетет, себеби майдалаганда кайра-кайра өзгөртүү киргизүүгө муктаж болуп калат деген көз караштар юристтер арасында да бар.

Учурдагы «ЖМКлар» жөнүндөгү мыйзам өтө майдаланып жазылбай, негизги нерселер белгиленген. Ошого жараша 30 жыл, туруктуу иштеп келди. Эми аны азыр эскирди деген негизде жаңы долбоорду сунуштап жатышат.

Өлкөдө баш мыйзам өзгөртүлгөндөн кийин былтыр февралда президенттин жарлыгы менен жалпы мыйзам долбоорлорун инвентаризация кылуу процесси жүргөн. Анын алкагында 360тан ашык мыйзам каралып чыкты. Жыйынтыгында үч башка баа берилди.

-айрым мыйзамдар жокко чыгарылышы керек;

-олуттуу өзгөртүү киргизгенге муктаж;

-өзгөртүүгө муктаж эмес.

Биз сөз кылып жаткан «жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндө мыйзам үчүнчү топко кирди, тагыраагы, өзгөртүү киргизүүгө зарылчылык жок деген баа берилген.

Бул ишти мамлекет жасады, өкмөт, министрликтер, эксперттер кирген комиссия иштеген. Эми андан бир жыл өтпөй өздөрүнүн чечимине каршы келип, кайра жаңы мыйзам сунуштап жатышат. «Оң колу менен сол колу өз-өзүнчө иштегендей» таасир калтырды.

Мыйзам Орусиядан көчүрүлгөн жана орус тилинде жазылган

-Мыйзамдар кандай учурда жаңыланат?

-Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган мыйзам долбоорун окуп көрсөңөр дароо билинет, долбоор шашылыш жазылган. Негиздемеси да, беренелери да расмий тилде жазылган. Эми баарыбыз билебиз, мыйзам талабына ылайык, документ эки тилде болушу керек. Анын үстүнө Кыргызстанда калктын 74 пайызы кыргыз тилдүүлөр, ошол себептен асмий тилди билбегендер талкууга катышпай калабы?

Негизи мыйзамдарда эки тилдеги версиясы бири-бирине дал келбесе, мамлекеттик тилде жазылган варианты үстөмдүк кылып, түп нускасы болуп эсептелет. А бул мыйзам долбоорунун түп нускасы жок, орус тилинде гана жазылган.

«Медиа полиси институту» жаңы мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, аны кабыл албаганга чакырды. Ошол уюмдун маалыматына караганда, долбоор Орусиянын «Жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндөгү мыйзамынан көчүрүлгөн.

Терс жактарын калтырып, прогрессивдүү, жакшы нормаларды өзгөртүп, же алып салган абзацтары бар экенин айтып жатышат.

Мыйзамды кимдер иштеп чыкканы белгисиз

-Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда медиа эксперттер, коомчулук чакырылдыбы?

-Биз сураштырдык, кимдер талкууларга катышты, балким биз укпай калдыкпы деп. Кыргызстанда «Медиа полиси институту» бардык мыйзам долбоорлору боюнча иштешет, медиа менен байланышкан документтерди карашат, бирок алар да чакырылбаптыр. «Медианы өнүктүрүү борбору» бар, алардан сурасак да кабары жок экен. Анда билбейм кайсы журналисттер, медиа өкүлдөр менен талкуулашты, бизге белгисиз.

-Мыйзам долбоорунда сөз эркиндигине терс таасирин тийгизе турган кайсы беренелерди белгилейсиз?

-Андай беренелер көп. Себеби жаңы добоордун көлөмү колдонуудагы мыйзамга караганда үч эсе көп экен. Бир мисал келтирейин.

Интернет сайттарына ЖМК макамын берүү

Бул беренеде кайсы сайттар экени так көрсөтүлгөн эмес, демек өлкөдөгү сайт аттуунун баарын массалык маалымат каражаты деп катташ керек экен. Мисалы, мен Жогорку Кеңештин сайтын карап чыктым. Бир күндө орто эсеп менен 5-6 жаңылык чыгат экен. Бирок ЖКнын сайты мамлекеттик органдын ишин гана чагылдырып жатат, кандайдыр бир киреше таппайт, атайын журналисттер иштебейт, маалыматты берип туруучу курал катары эле колдонулат. Азыркы мыйзам кабыл алынса ЖМК деп катталышы керек болот.

Андан тышкары, өлкөдө дүкөн, кафе, бассейн, спорттук клубдар жана башка мекемелердин сайттары бар. Аны визитка катары, стенд катары, витрина катары колдонушат, эми ушунун баарын маалымат каражаты деп каттайбы? Анда кафенин башкы ашчысы редактор болуп калабы?

Кыскасы, бул долбоорду адис эмес адамдар жазгандай сезим калтырды. Медиада иштеген киши муну жазбайт, кийин кандай тоскоолдуктар жараларын билет.

-Чет элдик жарандар ЖМКнын негиздөөчүсү боло албайт деген берене бар экен. Бирок кандай негизде уруксат берилип же берилбейт, критерий көрсөтүлүшү керекпи?

-Ушул берене да чоң маселе. Буга чейин кабыл алынган «анык эмес маалыматтарга каршы күрөшүү» жөнүндө мыйзамды билесиңер, биз ошондо да айтканбыз, Конституцияга да, административдик процедура, Жарандык кодекс, баарына каршы келет деп айтканбыз. Ага карабай кабыл алып коюшту. Анык эмес маалыматка каршы күрөшүү дегени менен маалыматтын калп экенин аныктоо механизмдери жок.

Бул мыйзамда да чет элдик жарандар ЖМКнын негиздөөчүсү боло албайт дейт, бирок эмненин негизинде уруксат бербейт? «Сен мага жакпай калдың, учурушпай койдуң» деген жүйө мененби, же ички туюм менен эле «жакшы көрүнүп жатат, уруксат бере берсек болот окшойт» дейби?

Мыйзамдын талабы боюнча, документтин негиздемеси, ар бир берене, пункттары так, түшүнүктүү жазылышы керек.

-Мыйзам кабыл алынса кимдин кызыкчылыгы үчүн иштеп калышы мүмкүн? 

-Кайсы бир топко, бийликке же жер-жерлердеги аткаминерлерге иштеши мүмкүн. Мисалы, анык эмес маалыматтарга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзам кабыл алынарда да айтканбыз. Жакшы эле иштеп жаткан маалымат каражатына атаандаш бир ЖМК пайда болду дейли. Ал атайын уюшуп туруп, каршы арыз жазса, берки ЖМКгнын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу керек болуп калат.

Башкача айтканда, мыйзам туура эмес атаандаштыкка алып келет. Ушул сыяктуу чийки нормалар көп.

-Социалдык тармактарда ар бир жаран оюн эркин билдирүүгө укуктуу. Ошол эле учурда аша чапкандык да болбой койбойт. Бул мыйзам иштесе балким жөнгө салса болот?

-Блогерлик менен алектенүү, терс жактарына каршы күрөшүү тенденциясы бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатат. Бирок аны мыйзам менен жолго кое албайт, азыр сунушталып жаткан «ЖМКлар» жөнүндө жаңы мыйзам долбоору чече албай турганын ишенимдүү айта алам.

Фейктерге каршы күрөшкөн мамлекеттик эмес уюмдар бар, критерийлердин негизинде мониторинг жүргүзүп, күрөшүп жатат, анык эмес аккаунттарды өчүрүп жатат. Бирок мамлекетте фейк аккаунттарга каршы күрөшүү механизмдери жок.

Түшүнүп турабыз, блогерлердин да түрү көп, стандартты, этиканы билбегендери бар. Бирок блогерликти жөнгө салууну дайыма эле мыйзам менен чечүүгө зарылчылык жок.

Кыргызстандын медиасы күчтүү

Жакында Тажикстан тараптан кол салуу болгондо тажик тарап жалган маалыматтарды таратууга аракет кылды. Кыргызстанды агрессор көрсөтүүгө аракет кылып, өмүрү орусча, же англисче жазбаган аккаунттар жаза баштады. Бирок Кыргызстан маалыматтык согушта уттурган жок, өз позициясын жеткире алды. Эмнеге? Анткени Кыргызстанда эркин иштеп көнгөн, кесипкөй журналисттер көп. Өзгөчө иликтөөчү журналисттерди белгилегим келет.

Мисалы, Тажикстан тарап мечитти аткылады деп жалган маалымат таратты. Аны биздин иликтөөчүлөр фактчекинг кылып, ал Сириядагы мечит экенин жана бир канча жыл мурунку окуя экенин аныктап коюшту.

Кыргызстандын медиасы бүгүнкү күндө улуттук коопсуздукту сактоого да салым кошуп жатат. Ошол себептен жалпыга маалымдоо каражаттарын алсыратып, бут тосуп жатканы коопсуздукка да таасир берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM