Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарындагы бир катар жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Жапаров 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат. 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин президенттеринин кеңешинин жыйынына катышат.
Ошол эле күнү «Борбор Азия – Орусия» форматындагы 1-саммитке катышат.
Өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.